Ысык-Көлдөгү пансионаттар көл жээгиндеги эс алуучуларды чылым түтүнүнөн сактоого кызыкдар. Бул боюнча облустагы Ысык-Көл райондук Жалпы дарыгердик практика борборунун (ЖДПБ) Ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Бермет Союзова билдирди. Ал медициналык уюмдун жетекчилигине, Чолпон-Ата шаарынын мэриясына жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына «Тамекисиз көл жээк» кампаниясын ишке ашыруу боюнча кайрылуу жолдогонун билдирди.
“Бул демилгенин алкагында 9 кишиден турган жумушчу топ түзүлүп, ага калаа башчысы Бердибек Иманбеков, шаардык кеңештин депутаттары жана Ысык-Көл райондук Жалпы дарыгердик практика борборунун өкүлдөрү кирди. Комиссия пансионаттарды кыдырып, эс алуучу жайлардын кызматкерлерине жана эс алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Иш-чаранын максатына ылайык пассивдүү тамеки чегүүнүн алдын алуу, эс алуу жайларында чылым тартчу жайларды өзүнчө, обочолонтуп жайгаштыруу, эскертүүчү тосмолорду орнотуу боюнча сунуштар берилди”, – дейт Бермет Союзова.
Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгына ылайык атайын тамеки чегүү жайлардын уюштурулушун көзөмөлдөп туруу боюнча жума сайын байкоо жүргүзүү чечими кабыл алынды. Жалпысынан түзүлгөн жумушчу топ тарабынан 7 пансионатка, 28 эс алуучу жайдын кызматкерлерине жана 87 эс алуучуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эки баннер жана 42 таштанды челектери үчүн атайын чаптама кагаздар таркатылды.
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги


