Айдаркен шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун ден соолукту чыңдоо канасынын адистери Айдаркен сымап комбинатынын эмгек жамаатына коронавирус инфекциясынын алдын алуу боюнча окутууларды өткөрүштү. Иш-чаранын уюштуруучулары сымап өндүрүүчүлөргө колдун тазалыгын туура сактоо эрежелерин иш жүзүндө көрсөтүп беришти. Мындан сырткары адамдар көп топтолгон жайларда 1 метрден кем эмес аралыкты сактоо жана беткап тагынуу керек экенин эскертишти.
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

