Энергетикадагы үзгүлтүк учурунда улуттук госпиталда операция жасалган жок

Электр жарыгы өчкөн убакта Улуттук госпиталда 100 киловаттык генераторлор иштеп жатты. Бул боюнча медициналык уюмдун башчысы Токтобай Маанаев билдирди. Анын айтымында Улуттук госпиталда жалпысынан 9 генератор бар.
“Улуттук госпиталда мурда 3 генератор бар болчу. Кийин 100 киловаттык 6 генератор койдурдук. Электр жарыгы өчкөн убакта эч кандай операция жасалган жок. Ал эми реанимациялык бөлүмдө 6 бейтап бар болчу. Алар жабыр тарткан жок”, – деди Токтобай Маанаев.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *