Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору «Дени сак шаарлар» программасынын алкагында Бишкек шаарындагы мектептердин жана кесиптик лицейлердин мугалимдери үчүн 2 күндүк семинарларды өткөрүүдө.
Андан соң алардын окуучулары менен студенттерине жугуштуу эмес оорулардын тобокелдик факторлору боюнча каскаддык тренинг өткөрүлөт.
Окутуунун максаты: окуучуларды, студенттерди критикалык ой-жүгүртүүгө шыктандыруу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууда жоопкерчиликтүү жүрүм-турум көндүмдөрүн жайылтуу болуп эсептелет.
Ар бир мектеп жана кесиптик лицей үчүн интерактивдүү окуу куралдары даярдалган.
«Дени сак шаарлар» программасынын жетекчиси Молдоакматова Ж.М.
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги









