Республика боюнча 1-10-сентябрга чейин “COVID-19 илдетине каршы Эмделиңиз” – аттуу акция өтүп жатат. Бүгүн Курманжан Датка эстелигинин жанында Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана Биринчи Май районуна караштуу дарыгерлердин уюштуруусу менен ,,Эмделиңиз” акциясы болуп өттү. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, дарыгерлер атайын даярдалган флешмоб тартуулашты. Акциянын жүрүшүндө, дарыгерлер калкка, эмдөөдөн өтүп, өзүн жана өзгөлөрдү сактоого чакырык жасашты.
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги




