Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк тамекиге каршы күрөшүү күнүнүн белгиленип келе жатканына 33 жыл толду, тагырак айтканда 1988-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 42-отурумунда кабыл алынып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан “31-май тамекиге каршы күрөшүү күнү” деп жарыяланган.
ДСУнун билдирүүсү боюнча жыл сайын Кыргызстанда болжол менен 6000 адам тамекинин айынан көз жумат. Ал эми дүйнө жүзү боюнча алып караганда бул көрсөткүч 6 миллион адамды түзөт, алардын ичинен 600 миң адам тамеки түтүнүнө кабылгандар экени тастыкталган.Тамеки чегүү 25тен ашуун оорулардын түрүнө алып келет алардын негизгилери болуп жүрөк, кан-тамыр оорулары, дем алуу органдарынын жабыркашы жана бир нече онкологиялык оорулар эсептелет. Ошондой эле тамеки никотининде 7000ден ашуун уулуу зат бар.Урматтуу Кыргызстандыктар, бул көрсөткүчтөрдү өзгөртүү үчүн Сиздердин салымыңыздар чоң!
Бүткүл дүйнөлүк тамекиге каршы күрөшүү күнү
Кыргызстанда болжол менен 6000 адам тамекинин айынан көз жумат. Ал эми дүйнө жүзү боюнча алып караганда бул көрсөткүч 6 миллион адамды түзөт, алардын ичинен 600 миң адам...



