Калктын ден соолугун коргоо жана чыңдоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы бекитилген, анда мамлекет Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын саламаттык сактоонун базалык кызматтары менен камсыздоону кепилдей турганы белгиленген. Бул кызматтарга маалыматтык-коммуникациялык, профилактикалык жана башка кызматтар кирет.
Саламаттык сактоо системасынын узак мөөнөттүү артыкчылыгы болуп системалык мамилелерди өзгөртүү саналат – оорулар жана алардын кесепеттери менен күрөшүүдөн оорулардын алдын алууга негизделген сергек жашоо образын колдоого өтүү, адамдын өз ден соолугун башкарууга катышуусу, өзүнүн жана айланадагылардын ден соолугун сактоого, чыңдоого жана калыбына келтирүүгө жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу.
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана оорулардын алдын алуу боюнча кызматтарды көрсөтөт.

Директордун убактылуу милдетин аткаруучу
ШЕЙШЕЕВА НУРЖАМАЛ АСАНБЕКОВНА
Кандидаттык илимий даражанын талапкери

Главный бухгалтер
КОРЧУБЕКОВА НАРЫНБУ САДАБЕКОВНА

Кадрлар бөлүмүнүн менеджери
НОВОСЁЛОВА НАДЕЖДА ВЛАДИМИРОВНА
БИЗДИН ИЛИМИЙ ПОТЕНЦИАЛ

Шамшиев
Абдилатип Абдырахманович,
м.и.д, Түштүк филиалдын директору

Мусабекова
Чинара Обосбековна,
м.и.к. бөлүм жетекчиси

Бекбасарова
Чинара Бердибаевна,
м.и.к. бөлүм жетекчиси

Калиева
Анара Джумабековна,
м.и.к. врач
ТҮШТҮК ФИЛИАЛ
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борборунун Түштүк филиалы 2008-жылдын август айында түзүлгөн.
Бул борбор Ош облусунун ден соолук борбору катары 1976-жылдан бери өнүгүп келип, 2008-жылдын август айына чейин спорт бөлүмү менен биргеликте иш алып барып, 57,5 штаттык бирдикте эмгектенген.
Ал Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмүнө кирген мекеме болуп, калктын ден соолугун чыңдоо жана оорулардын алдын алуу боюнча кызматтарды көрсөтөт.
РДЧжМКБнын Түштүк филиалынын ишмердүүлүгү коомдук саламаттык сактоо саясатын илгерилетүүгө, ошондой эле башка секторлор менен өз ара байланышты өнүктүрүүгө багытталган.
Түштүк филиал Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (ҮМБ) жана жалпы дарыгерлер практикасынын топторунун (ЖДПТ) ден соолукту чыңдоо боюнча адистерине (ДЧК) консультациялык жана усулдук жардам көрсөтөт. Ошондой эле алардын ишмердүүлүгүнө жана калк арасында жүргүзүлгөн иш-чараларга мониторинг жүргүзүп, баалоо жана талдоо иштерин аткарат, адистер жана жергиликтүү жамааттар үчүн тренингдерди уюштурат.

Жергиликтүү жамааттар, саламаттык сактоо уюмдары (ҮМБ/ЖДПТ), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бейөкмөт уюмдар жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) даталуу күндөрүнө арналган иш-чаралардын өткөрүлүшүнө көзөмөл жүргүзөт.
Жалпы маалымат каражаттары аркылуу:
РДЧжМКБнын Түштүк филиалынын демилгеси менен медицина кызматкерлери ар түрдүү телеканалдарда түз эфирге чыгып, калкка оорулардын бардык түрлөрү боюнча маалымат беришет:
• ЭлТР МТРК жана «Билим Илим» телеканалдарында «Ден соолук», «Күн маек», «Көз караш» (ток-шоу) программаларында
• ОшТВ каналында «Пульс», «Аруу таң» программаларында
• Ынтымак ТВ каналында «Пульс», «Трибуна» (кыргыз тилинде), ошондой эле «Мунаввар күн» (өзбек тилинде) программаларында
• «ЭлFM» радиосунда «Доктор FM» уктуруусу түз эфирде берилет
• «Ош шамы» жана «Ош жаңырыгы» гезиттеринде макалалар жарыяланат
Социалдык тармактар аркылуу оорулардын алдын алуу темалары боюнча материалдар активдүү түрдө таратылат. Даталуу күндөрдүн алкагында жана пандемия мезгилинде калкты тереңирээк маалымат менен камсыздоо максатында видеороликтер даярдалып, кеңири жайылтылган.





